Сенин сүйүүң жетпеди текст песни

Буга чейин күнүм күндөй болбогон
Кусалыктан башка нерсе толбогон
Эт жүрөгүм эрте эле жабыркап
Ушул бойдон каламбы деп ойлогом

Сен жок нечен басып өттүм жолдордон
Үмүтүм бар дагы деле соолбогон
Мени унутту, эстебейт деп ойлобо
Сенин атың жүрөгүмө орногон

Сазга батып санаа нени кечпеди
Байкуш жүрөк жанчылса да эптеди
Куйкаланып, уйпаланып сезимдер
Мага ошондо сенин сүйүүң жетпеди

Комментарии

Минимальная длина комментария - 50 знаков. комментарии модерируются
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Комментариев еще нет. Вы можете стать первым!